Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен билдирүүгө кол коюшту

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 17

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Кыргызстан менен Тажикстан Баткен облусунун жана Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча  биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. 

Кыргыз жана тажик тарап чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын келип чыгуу себептерин талкуулашып, окуянын кесепеттери, куралдуу кагылышууну токтотуу, аскердик техниканы алып чыгып кетүү боюнча өз ара макулдашты.

Ошондой эле документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу да макулдашкан.

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X