Кыргызстан менен Түштүк Корея ишкердик кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кореялык компаниялардын Борбор Азия рыногуна чыгышына шарт түзүү багытында жаңы кадам жасалды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Herald Economy басылмасы 15-октябрда жарыялаган макаласында маалымдады.
Басылманын маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын чакан бизнести колдоо боюнча SEMAS уюмуна иш сапары менен барып, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Макалада Түштүк Кореянын чакан жана орто ишканаларынын Борбор Азия өлкөлөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын депутаты Ли Он Джу компанияларга чет өлкөлүк рынокторду өздөштүрүүдө практикалык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Анын пикиринде, ишкерлерге потенциалдуу сатып алуучуларды табууга, товарларды сатуу жана бөлүштүрүү каналдарын түзүүгө, ошондой эле экспорттук келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү зарыл.
Бул багытта кореялык продукциянын эл аралык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн K-Food жана K-Beauty тармактары келечектүү багыттар катары белгиленген.
Түштүк Корея менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстанга жаңы ишкердик өнөктөштөрдү табууга, инвестициялык байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле кореялык ишкердикти колдоо институттары менен түзүлгөн байланыштар кыргызстандык ишкерлер үчүн да жаңы рынокторго чыгуу жана эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратышы мүмкүн.
Herald Economy басылмасында Кыргызстандын инвестициялык мекемесинин ишмердүүлүгүнө көңүл бурулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкка кызыгуу артып жатканын көрсөтөт.