Кыргызстан менен Вьетнам коопсуздук маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасында өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү, Вьетнамдын Коомдук коопсуздук министринин орун басары Данг Хонг Дык менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу жаатындагы кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алышты.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөнүн, конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар укук коргоо ишмердиги жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.