Кыргызстан менен Япония экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Кыргызстан япон инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоого даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бүгүн, 14-августта, Япониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Эри Арфия менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле «Борбор Азия + Япония» диалогунун биринчи саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Бакыт Сыдыков акыркы жылдардагы Кыргызстандын экономикалык өсүшү жана инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып, япон компанияларын Кыргызстанда иш алып барууга чакырды.
Министрдин айтымында, Кыргызстанга салынган инвестицияларды өлкөнүн ички рыногу менен гана чектебестен, Борбор Азиянын кеңейип жаткан ири рыногунун мүмкүнчүлүктөрү менен бирге кароо зарыл.
Ошондой эле министр Япониянын сапат стандарттарын, натыйжалуу менеджментин жана бизнес жүргүзүү тажрыйбасын жогору баалап, JICA аркылуу көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантып, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.