Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары ЗАКИРОВ: “ОРОЗО – БЕРЕКЕ ЖАНА СООП ТӨГҮЛГӨН КАСИЕТТҮҮ АЙ”
– Урматтуу, Азирети Муфтий өлкөдө орозого даярдык иштери кандай аткарылды?
– Урматтуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу кыргыз калкым! Орозо мусулманга дайыма Алла Тааланы эскертип, момундук жоопкерчиликти ойготот. Ал адам баласынын ички дүйнөсүн тазалап, жакшы кулк-мүнөз менен сыпаттантып, башкалар менен жакшы мамиледе болушун жана такыба болушун шарттайт. Орозо кармоо менен мусулман көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат. Дайыма Алла Таала мени көрүп-билип турат деген сезими күчөйт. Орозо – напсини тарбиялаган руханий мектеп. Орозодо кылынган ибадаттар демейкиден алда канча сооптуу. Алла Таала орозону өзү үчүн тандап алган жана орозо кармоочуларды ченемсиз сыйлыктары менен сыйлайт. Хадисте мындай деп айтылат: «Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Алла менен жолугуп, анын жамалын көргөн учуру» (Муслим 2/807). Демек, Рамазан айы береке жааган, кут төгүлгөн ай. Ал эми орозого даярдык иштери толугу менен аткарылды. Өлкөбүздөгү 4 миңдей мечитибизде таравих намаздары окулат. Мекенибизге ынтымак, ырашкерчилик тилеп, дин баяндары айтылып, коомго ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү табышталды. Элибиз ыйык айды зор толкундануу менен күтүштү. Ушул айга сак-саламат жеткирген Алла Таалага миң мертебе шүгүр айталы. Орозого жетпей калган жакындарыбызды Жаратканым ырайымына бөлөсүн. Бул жылы 19-февраль күнү орозо башталды.
– Быйыл битир садаканын өлчөмү кандай бекитилди?
– Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкөдөгү мусулмандар үчүн садака-битирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитти. Ал 1,6 килограмм буудайдын (60 сом), ундун (90), же мейиздин (880) наркына барабар болот. Же 3,2 килограмм арпа (100 сом) же курма (1200) жөнүндө сөз болуп жатат. Садака-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры болуп эсептелет.
– Сиз кызматка келгенде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган иш план бекиткенсиздер. Ал иштер ишке ашып жатабы?
– Муфтият 2021–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын алкагында иштерди аткарып жатат. Ал эми 2024–2029-жылдарга карата КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчем бекиткенбиз. 5 жылдык иш-пландын 60-70%ы ишке ашты. Анын алкагында кадрлар резерви түзүлдү. Жер-жерлерде тынымсыз диний агартуу кербендери уюшулуп, салттуу ислам баалуулуктары жана улуттук нарк даңазаланууда. Салттуу эмес агымдардын алдын алуу максатында илимий иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө. Муфтият жана өкүлчүлүктөр толугу менен электрондоштурулду. Зекет-садака, кайрымдуулуктарды өз дарегине жеткирүү үчүн электрондук «Финик» тиркемеси ишке киргизилди. Имамдар өткөн жылдын апрель айынан тарта айлык менен камсыздалды. Муфтияттын 8 кабаттуу жаңы имараты курула баштады. Алдыда дагы бир катар орчундуу иштерди аткаруу милдети турат.
– Дин башкармалыктын борбордук жана аймактык түзүмдөрүндө аялдар үчүн штат ачуу да каралды эле, бул маселе чечилдиби?
– Өткөн жылы ордо калаада диний ишмердүүлүк жүргүзгөн активдүү мусулман айымдардын алгачкы республикалык форумун өткөрдүк. Бул иш-чарада аялзатынын диний билим жана маалымат алуусун жакшыртуу, үй-бүлө институттарын бекемдөө чакырыктары айтылды. Көйгөйлөрдү жана чечүү жолдорун талкуулап, механизмдерин иштеп чыктык. Анын алкагында ар бир райондо айымдар үчүн штат ачылып, иштер алып барылат. Өкүлчүлүктөрдө да вакансия ачуу ниетибиз бар. Алардын баарын көзөмөлдөөчү координатор болот.
– Ал эми өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө багытында кандай иштер аткарылууда?
– Буга чейин үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча көптөгөн иштер аткарылды. Ошентсе да, үй-бүлөнү коргоо зарыл маселе бойдон калууда. Коомдогу төбө чачты тик тургузган окуялар буга далил. Ошол себептүү быйылкы жылды Муфтияттын ички түзүмдөрүндө «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө жылы» деп жарыяладык. Алдыда коомду ынтымакка үндөө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо, дават айтуу иштерине басым жасалат. Улуттук нарк жана исламий дөөлөттөр бири-бирине каршы эмес, тескерисинче бири-бирин толуктайт.
Мээрим Бактыбек кызы