Кыргызстан–Пакистан: Жапаров менен Шахбаз Шариф жолукту

«Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтүп жатат.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын талкуулоодо.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапар менен 31-августта келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X