Кыргызстан туризмге активдүү кадам таштады

Кыргызстан акыркы жылдары Борбордук Азиядагы өлкөлөр арасынан туристтердин агымы менен мактана ала турган мамлекетке айланууда. Биздин өлкө жаратылышы, өзгөчө тоолору, пляждык экотуризми менен айырмаланып келет. Башкысы Кыргызстан азыр туризм үчүн жайы, кышы бирдей кучагын ачты. Анын аймагынын 90%дан ашыгын тоолор ээлегендиктен кар баскан чокуларына чейин туристтердин кызыгуусун арттырууда.

Учурда бийлик башындагылар туризмди өнүктүрүүгө киришип, “Ала-Арча” улуттук паркы олуттуу өзгөрүүгө учурады. Андан тышкары өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин биринчи жолу «Ала-Тоо резорт» улуттук туристтик долбоору ишке ашырылып, башка туристтик аймактарда да активдүү курулуштар жүрүүдө.

Ушул аптада “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жолдун кабиналары илингени кабарланды. Асма аркан жолдун В1 жана В2 линияларында эми тесттик иштер жүргүзүлөт. Алар Австриянын Doppelmayr компаниясы тарабынан чыгарылган заманбап гондолдук кабиналар болуп саналат. Кабиналар жогорку сапаты, ыңгайлуулугу жана эл аралык коопсуздук стандарттарына толук шайкештиги менен айырмалана тургандыгы айтылды. Асма жолдор сыналып бүтөөрү менен эс алуучуларды кабыл алууга киришет.

Ошентип, Кыргызстан туризмге активдүү кадам таштады. Тянь-Шань тоолорунда жөө саякаттоо жана альпинизм, бийик тоолуу аймактарда ат минүү, кышында лыжа тебүү, дарыялардагы рафтинг, пляжда эс алуу, тоо көлдөрүнө саякат, токой арасындагы жашоо, тарыхый жайларга зыярат кылуу, медициналык туризм өнүгүү жолуна түштү.

Биз эмне сунуштайбыз?

Өлкөнүн 7 облусу туристтер үчүн ар кандай кайталангыс багыттарды сунуштай алат. Алсак, Бишкек шаары советтик архитектуранын, жашыл сейил бактардын жана заманбап кафелердин айкалышын сунуштайт. Ал эми Ош – тарыхы жана базарлары менен белгилүү болгон эң эски шаарлардын бири. Жакында байыркы Ош шаарында да туристтик сезон ачык деп жарыяланды.

2025-жылы Кыргызстанда туризмдин олуттуу өсүүсү байкалган. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы сырттан 20,9 млн.го жакын чет элдик жаран кирген. Алардын ичинен 10 миллиондою турист катары каттоодон өтүшкөн. 2024-жылы болжол менен 8,6-8,8 миллион турист келген.

Негизги туристтик борбор Ысык-Көл облусу болгон. 2025-жылдын жайында Чолпон-Ата, Каракол шаарлары, Бостери аймактарына 2,3 миллионго жакын адам эс алган. Андан кийинки орунда Бишкек шаары, Чүй облусу турат. Бул аймакта туристтердин көңүлүн «Ала-Арча» улуттук паркы өзүнө бурууда. Ал эми байыркы Ош шаары 3-орунда. Бул шаарда туризмдин өсүшү болжол менен 7-8%га жеткен. 4-орунда Нарын облусу. Аймакта эң популярдуу жер – Соң-Көл көлү. Нарында экотуризм, боз үйлөр лагери, ат минүү активдүү өнүгүүдө. 5-орунда Талас,
Жалал-Абад, Баткен облустарына эко туризмге кызыккан туристтер көп барышат.

Ошентип, ушул күндөрдө табигый сулуулукту жана маданий тереңдикти издегендер үчүн Кыргызстан идеалдуу жерге айланууда. Туристтер биздин өлкөгө келишип, элдин меймандостугун, керемет пейзаждарды гана көрбөстөн, чыныгы көчмөн жашоонун рухун сезе алышат. Ушул себептен да жыл өткөн сайын алардын агымы көбөйүүдө.

Кайсыл өлкөнүн жарандары көп келген?

Өлкөбүзгө туристтердин көпчүлүгү жай айларында келишет. Айрыкча июнь-август айларында сезон күч алат. Жайында өлкө боюнча болжол менен 3,5 миллион турист эс алса, анын 2 миллиондон ашыгы Ысык-Көлдө болушат. Ал эми күз айлары тоолорго жөө саякат, сүрөт тартуу турлары көп уюштурулат.

2025-жылы туристтердин болжол менен 88%ы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген. Лидерлик позицияда Өзбекстан, Казакстан жана Россия турат. Башка өлкөлөрдөн келгендердин пайыздык үлүшү ар кандай. Аларга Кытай, Түркия, Индия, Германия, АКШ, Түштүк Корея, БАЭ, Франция жана Улуу Британия кирет. Адистердин айтымында быйыл да Кыргызстанга жай мезгилинде туристтердин агымы көп болоору күтүлүүдө. Андан тышкары быйыл Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Бул маданий спорттук иш-чара дагы өлкөгө миңдеген туристтерди, спортчуларды алып келээри шексиз. Анын ачылышын өткөрүү үчүн Бишкек шаарында “Бишкек Арена” стадионунун курулушу активдүү жүрүүдө. Кыргызстандын Президентине караштуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында долбоор аяктоо баскычына жакындап калган. “Бишкек арена” 51 миң көрүүчүгө ылайыкталат.

Медициналык туризм

Кыргызстанда туризмдеги дагы бир багыт өнүгүү жолуна түшүүдө. Ал медициналык туризм. Бул багыт азыркы тил менен айтканда “трендге” айланды. Эмне үчүн Кыргызстан медициналык туризмге ыңгайлуу деген суроого туристтер кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын арзандыгын, квалификациялуу дарыгерлердин арбындыгын жана өлкөнүн табигый дарылоо ресурстарына бай экендигин айтып келишет. Максаттуу туризмде дал ушул медициналык туризмдин олуттуу экендиги бар. Өлкөгө бейтаптардын негизги агымы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россиядан келет. Алар реабилитация жана курорттук дарылоого кызыкдар. Ысык-Көл баткак терапиясы, климатотерапия, Жалал-Абад минералдык булактары менен белгилүү болсо, Сары-Челек экологиялык калыбына келтирүүгө маанилүү деп белгилешет. Азыр бийлик туризмдин бул багытын да колго алуу максатында “Жыргалаң” курортун толук оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Өткөн апта соңунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Chatkal Resort» тоо-лыжа курорту курула тургандыгы белгилүү болду. Учурда курорттун кайсы аймакта жайгаша тургандыгы аныкталууда. “Chatkal Resort” долбоору Чаткал районунда туризмди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана туристтик агымдын көбөйүшүнө багытталган жыл бою иштей турган курортту түзүүнү камтыйт.

 Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X