Кыргызстан тууралуу даректүү тасма Лондондо көрсөтүлдү

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Лондондогу VUE Cinema Leicester Square кинотеатрында көп сериялуу «Доминик Уэст: Кыргызстан» даректүү тасмасынын (эл аралык аталышы — Beyond the Silk Road) дүйнөлүк премьерасы болуп өттү.

Салтанаттуу көрсөтүүгө башкы каарман, белгилүү британиялык актёр Доминик Уэст, ошондой эле Александра Толстая жана Кларк Питерс катышып, көрүүчүлөргө тасманы тааныштырды. Иш-чарада Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, долбоордун өлкөнү дүйнөгө таанытуудагы маанисин белгиледи.

Сериалда актёрдун Улуу Жибек жолунун багыттары боюнча Кыргызстанга жасаган сапары чагылдырылат. Тасма Бишкек шаарынан башталып, Ош, Сары-Челек, Таш-Рабат, Ат-Башы жана Торугарт ашуусуна чейин тартылган.

Долбоордо кыргыз элинин көчмөн маданияты, бүркүтчүлүк, улуттук оюндары, кол өнөрчүлүгү, музыкалык жана оозеки мурасы менен кооз жаратылышы көрсөтүлөт. Авторлор Кыргызстанды бай тарыхы жана салттары сакталган, ошол эле учурда заманбап өнүгүп жаткан өлкө катары ачып берүүнү максат кылышкан.

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X