Кыргызстан жер улакты жеңиш менен баштады
Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улак боюнча мелдеш башталды.
Кыргызстан алгачкы оюнунда Монголияны 12:1 эсебинде жеңди.
Кыргызстан менен Монголия «А» тайпасында. Бул тайпада Афганстан жана Өзбекстан да бар. «В» тайпасына Венгрия, Тажикстан жана Казакстан кирген.
Тайпада биринчи орунду алган командалар финалда беттешет.
Жер улак көк бөрүдөн айырмаланып, тай казаны жок, эки бөлүккө бөлүнгөн аянтта ойнолот.