Кыргызстанда 10 стадион бар
Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдаган маалыматында 2020-жылы өлкөнүн аймагында спорт менен машыккандардын саны 183 миң адамга жеткени айтылат. Алардын 28 пайызы аялдар. Спорт менен машыккандардын 85 пайызын мектеп жашындагы өспүрүмдөр түзөт. Өспүрүмдөрдүн 31 пайызы футбол менен машыгышат.
Учурда өлкөдө 8000ге жакын спорт аянтчалары, 1400 зал, 61 комплекс, 10 стадион, 24 бассейин, 138 спорт менен машыга турган жайлар бар.