Кыргызстанда 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

27-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Бүгүн, 27-февраль күнү эртең менен Кыргызстанда 6 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Жер титирөө таңкы 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде болгон. Жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткен.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү — Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4 баллга жакын, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

27-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X