Кыргызстанда «BIO» деген белгиси бар пакеттерге көзөмөл күчөтүлөт

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

Кыргызстанда «BIO» деген белгиси бар пакеттерди текшерүү күчөтүлүп, аларды милдеттүү түрдө сертификаттоо сунушталууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, продукциянын курамында биокомпоненттер бар экенин лабораториялык сыноолор жана экспертизалар тастыкташы керек.

Ошондой эле таңгакта тиешелүү маркировка жана өндүрүүчү тууралуу маалымат болушу зарыл. Бул талаптар Бажы биримдигинин таңгактын коопсуздугу боюнча техникалык регламентине ылайык жүргүзүлөт.

Министрликте өткөн тегерек столдо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан коопсуз, биоажыроочу жана кагаз пакеттерди чыгарууга өтүү маселеси талкууланды. Ишканалардын өндүрүш линияларын жаңылоо, чийки заттын курамын өзгөртүү жана пакеттердин бекемдигин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, экологиялык касиеттери тастыкталбаган продукцияга «BIO» белгисин коюу тажрыйбасын токтотуу, ошондой эле айрым пластик буюмдарды жана пакеттерди импорттоону көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X