Кыргызстанда дагы 56 адамдан COVID-19 аныкталып, 1 бейтап каза болду
Бүгүн, 26-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 56 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 29,
— Ысык-Көл облусунда – 11,
— Чүй облусунда – 10,
— Жалал-Абад облусунда – 4,
— Ош шаарында – 1,
— Ош облусунда – 1,
— Нарын облусунда – катталган жок,
— Талас облусунда – катталган жок,
— Баткен облусунда – катталган жок.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 178 миң 258 адам коронавирус менен катталган.
Ошондой эле акыркы суткада коронавирус жуктурган 1 бейтап көз жумду.