Кыргызстанда электрондук мектеп ачылат
Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында электрондук мектеп 2021-2023-жылдара аралыгында ачылышы мүмкүн. Анда кошумча жана мектептен тышкары билим берилет.
Мектептен төмөндөгү 6 учурда билим алса болот.
Алар:
пандемия сыяктуу аралыктан билим берүүнү талап кылган жагдай түзүлүп калса окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай туруп, ушул мектеп аркылуу окута берүүгө болот;
чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга кыргыз тили, кыргыз тарыхы боюнча сабак алууга шарт түзүлөт;
жыл ортосунда чет мамлекетке көчүп кетип жаткан мигранттардын балдары, чейректи же окуу жылын аягына чейин Кыргызстанда аралыктан окуп бүтсө болот;
жетишпеген мугалимдердин орду толтурулат. Кайсы бир сабак боюнча мугалим жок болсо, ал мектепке окутуучу табылганга чейин балдар башка мектептин мугалиминен онлайн-сабак ала берет;
саламаттыгына байланыштуу кыска убакытка сабакка келе албай калган балдар үйдө, ооруканада болгон учурда деле онлайн-форматта окуусун уланта берет;
алыскы райондордо жашап, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар орто билими тууралуу аттестат алганга чейин онлайн-мектептен билим ала алат.