Дүйнөдө кагаз таңкыстыгы пайда болушу мүмкүн деген кабар мындан 2 ай мурун тараган. Дүйнөлүк басылмалар пандемиядан улам керектөөчүлөр үйлөрүнө даарат кагаздын корун чогултуп, ири заводдор аны чыгарууда жетишпей жаткандыктарын айтып чыгышкан. Ал ортодо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги да өлкөдөн сыртка кагаз чыгарууга убактылуу тыюу салганы жатканы маалым болду. Министрлик бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлганын, ал токтом менен өлкөдө кагаз таңкыстыгына жол бербөөнү көздөп жатканын билдирди.
СТАТИСТИКА
Статистикалык маалыматтарга ылайык өлкөдө 2020-жылы 1570,1 тонна даараткана кагазы өндүрүлгөн жана бул 2019-жылга караганда 49%га көп болгон, ал эми кагаз продукцияларын (коробкаларды, жашиктерди, сумкаларды) өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 19%га көбөйгөн. Андан тышкары даарат кагазынын импорту да өскөн. Кыргыз Республикасына даарат кагазы жана кагаздан жасалчу салфеткалардын түрү Россиядан жана Казакстандан ташылып келет.
Өлкөдө даарат кагазын чыгарган 5 завод иштейт. Мындан тышкары чакан ишканалар да бар. «Картон», «Алихан Компани», «Алтын-Ажыдаар», «Paper Company», «Ак-Кайың», «Эфес ЛТД», «ИФА», «Кош Тамчы» сыяктуу ишканалар даарат кагазынан сырткары картон, коробкаларды, жашиктерди, кагаздан жасалчу салфеткалардын түрүн чыгарышат. Айрым ишканалар кагазды Казакстандан алышат. Алар даяр рулон кагаздарды сатып келип кесип, ороп, сыртына этикетка чаптап, кардарларга сунушташат.
Ал эми элден макулатура чогултуп, заводдорду кагаз менен камсыз кылган 30дай чакан фирмалар бар. Аларда экиден, үчтөн адам эмгектенет. Макулатуранын бир килограммын кагаз сатып алуучулар сапатына карап 8 сомдон 15 сомго чейин сатып алышат.
Макулатура чогултуучулардын айтымында эң жакшы сапаттагы кагаз таштандылар деп А4 форматындагы кагаздын таштандылары эсептелет.
КАГАЗ ТАҢКЫСТЫГЫ БАРБЫ?
Экономика жана финансы министрлигинин өлкөдө кагаз таңкыстыгы жаралышы мүмкүн деген кабарынан аны сыртка ташууга бөгөт коюш керек деген токтом долбоорун коомдук талкууга койгондон кийин чындап өлкөдө ушундай көйгөй жаралышы мүмкүнбү деген суроого кызыгып, жооп алуу үчүн бул тармакта 10 жылдан бери макулатура чогулткан ишканалардын өкүлдөрүнө кайрылдык.
Алмазбек АДИСБЕКОВ:
“КАГАЗ ТАҢКЫСТЫГЫ БАЙКАЛА ЭЛЕК”
- Менин оюмча эгер министрликтин бул кадамы ишке ашып, кагазды сыртка чыгаруу токтосо, бизде иштеген заводдордо дефицит жоголот. Кагаз толуп кетет да, элден кагаз сатып алуунун баасы төмөндөйт. Азыр биз бир килограмм кагазды 11 сомдон сатып алып жаткан болсок, кийинчерээк 7-8 сомдон кабыл алабыз. Менимче бул токтом долбоору кагаз иштетүүчү заводдорго киреше алып келет. Алар элден макулатураны арзан баада сатып алууну көздөп жатканы байкалат. Анткени, биз кагаз чогултуучулар кагаз таңкыстыгын байкай элекпиз. Бул тармак аябагандай татаал. Биз колдонуп жаткан даарат кагаздын баары эле өзүбүздөн чыгат дегенден алыс болушубуз керек. 40 пайыз даарат кагаз сырттан келет. Сырьёну Казакстандан алган ишканалар бар. Биздин өлкө болсо кагаздан жасалган керектөөчү буюмдарды Тажикстанга жана Казакстанга гана экспорттой алат.
Нурбек ЖАРТИЕВ:
“БИЗ ПАТЕНТ АЛЫП ИШТЕЙБИЗ”
- Макулатура чогултуп иштеген ишканалар айына 2000 сомдон патент алып иштейбиз. Айына бир ишкана эле 20 тонна кагаз чогултабыз. Аны кагаз иштетүүчү заводдорго тапшырабыз. Негизи макулатураны бизден Тажикстан кымбат баада алып турат. Бирок, министрлик буга бөгөт койгону жатат. Менин оюмча экспортту токтотуунун деле кажети жок. Анткени, өлкөдө кагаздын таштандылары көп. Ар бир кагаз чогултуучу ишкана күнүнө 2 тонна кагазды чогултууга жетишет. Ал эми заводдор күнүнө 3 тоннадан 6 тоннага чейин даарат кагазын жана башка кагаздын түрүн чыгарып турганын билебиз.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА