Кыргызстанда калдыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик программа иштелет
Кыргызстанда калдыктарды жана экинчилик ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча мамлекеттик программа иштелип баштады.
Бул багытта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Ага эл аралык эксперттер, министрликтердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана шаар мэрияларынын өкүлдөрү катышты.
Программа акыркы беш жылдагы кырдаалды талдап, калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.
Документтин негизги максаты — инвестицияларды тартуу, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жоопкерчилигин тактоо жана калдыктар боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү.
Программа Helvetas Swiss Intercooperation уюмунун «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосу менен иштелип чыгууда.