Кыргызстанда калкты эмдөө боюнча акция жарыяланды

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 19

Кыргызстанда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө боюнча он күндүк акция жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган акция өлкөнү «кызыл аймактан» чыгарып, инфекциянын жайылышын төмөнкү деңгээлге жеткирип «жашыл зонага» өткөрүү максатында жасалууда. Акция 10-сентябрга чейин уланат. Анын алкагында эмдөөдөн өткөн ар бир жаран «Кыргызстан — жашыл аймак» аталышындагы интерактивдүү картасына өзүн белгилеп, атайын стикер алат.

Эске салсак, вируска каршы жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70% эмделиши зарылдыгы айтылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X