Кыргызстанда көп түрдүүлүк жана коомдук биримдик маселелери талкууланды

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Бүгүн, 19-октябрда, «Көп түрдүүлүк — коомдук биримдиктин негизи: Кыргызстандын тажрыйбасы» аттуу тегерек стол өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы диний жана этностук көп түрдүүлүктү сактоо, коомдогу өз ара урматтоону жана ишенимди бекемдөө, чыр-чатактардын алдын алуу жана санариптик чөйрөдөгү кастык тилине каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар коомдук биримдикти чыңдоо жана ар түрдүү жамааттардын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Талкуунун чордонунда — тынчтык, ишеним жана кызматташтык. Катышуучулар жарандык биримдикти аймактык деңгээлде бекемдөө, конфессиялар аралык кызматташуунун учурдагы тенденциялары, чыр-чатактардын алдын алуудагы коомдук жана диний лидерлердин ролу, жаштардын тынчтыкты куруу процесстерине катышуусу жана санариптик мейкиндиктеги диалог маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

Ошондой эле интернеттеги кастык тилине каршы аракеттенүү жана коомдогу пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү боюнча практикалык ыкмалар каралды.

Жыйынтыгында, мындан аркы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган сунуштар талкууланды. Анда мамлекеттик органдардын, диний жамааттардын жана жарандык коомдун диний жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелерине басым жасалды.Возможно, это изображение помост и текст

Тегерек стол ар түрдүүлүктү коомдук ынтымактын маанилүү ресурсу катары кароого, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана тынчтыкты сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө багытталган диалог аянтчасы болду.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X