Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду

15-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 21

Республика аймагында өлкө боюнча коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 2 миң 578 адам каза болду.

15-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X