Кыргызстанда коррупцияга каршы илимий изилдөө иштери жазылды
2021-жылдын 10-ноябрында «Сорос-Кыргызстан» фондунун кеңсесинде Кыргызстандагы коррупция маселелерин изилдеген эксперттер менен жолугушуу болду. Катышуучу уюмдар жана эксперттер Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоодон баштап, студенттердин билим берүү тармагындагы коррупцияга болгон мамилесин изилдөөгө чейинки ар кандай багыттар боюнча жарым жылдан ашык жүргүзүлгөн 6 илимий эмгектин жыйынтыгын сунушташты.
2021-жылдын февраль айында «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Демократиялык башкаруу» программасынын алкагында «Кыргызстандагы коррупциянын көйгөйлөрүн изилдөө» деген темада эксперттик уюмдардын арасында изилдөө жүргүзүү үчүн ачык гранттык сынак жарыяланган. Сынактын негизги максаты коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча натыйжалуу кадамдарды жасоого, мамлекеттик башкаруу көйгөйлөрүн чечүүнүн эң оптималдуу жолдорун калыптандырууга жардам бере турган конкреттүү маалыматтардын негизинде жоопторду алуу болчу.
Келечекте «Сорос-Кыргызстан» Фонду алынган жыйынтыктардын жана сунуштардын негизинде коррупцияга каршы натыйжалуу чараларды аныктоо жана жайылтуу, зарыл чараларды жана демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча ызматташууну улантууну пландаштырууда.