"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Кыргызстанда мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Билим берүү жана Ички иштер министрликтеринин биргелешкен буйругу чыкты.

“Буйруктун негизинде мектеп окуучуларынын арасында кылмыштардын жана укук бузууга алып келе турган шарттардын себептерин табуу менен билим берүү уюмдарындагы алдын алуу иштеринин абалын иликтөө жана талдоо, анын негизинде аларды жоюу боюнча конкреттүү чаралар кабыл алынат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, ошондой эле республиканын аймагындагы мектептерде балдар менен иштешкен кызматкерлер, аталган мекемелерди күзөткө алган күзөт агенттиктеринин жооптуу жетекчилери менен бирдикте окуучулардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар уюштурулат. Андан сырткары, балдар жана ата-энелер менен бул багытта тыгыз иш алып барылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!