Кыргызстанда пластик пакеттерге тыюу салууга даярдык талкууланды

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 97

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга, акысыз таратууга жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу каралган. Жаңы талаптарга ата мекендик ишканалардын даярдыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өткөн жолугушууда талкууланды.

Ага пластик идиштерди жана полимердик пакеттерди өндүрүү, кайра иштетүү менен алектенген ишканалардын өкүлдөрү катышты. Тараптар жаңы талаптарга ыңгайлашуу жолдорун, экологиялык жактан коопсуз таңгактарга өтүүнү жана пластик калдыктарын кайра иштетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтууга, пластик калдыктарынын көлөмүн кыскартууга багытталган.

Жолугушууда биологиялык жол менен ажыроочу материалдарды колдонуу, экологиялык коопсуз таңгактарды чыгарууну өнүктүрүү жана пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана тармактын өнүгүшүнө шарт түзүүдө «Экооператор» ишканасынын ишин күчөтүүгө көңүл бурулду.

Талкуунун жыйынтыгында жаңы талаптарга этап-этабы менен өтүү үчүн мамлекеттик органдардын, өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн биргелешип иш алып баруусу зарылдыгы белгиленди.

Министрлик мындан аркы иштерди координациялоо жана келип чыккан маселелерди чечүү жолдорун кароо максатында ири өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн катышуусунда жумушчу топ түзүүнү пландаштырууда.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X