Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык боюнча штабдын биринчи жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү.
Отурумдун күн тартибине төрт маселе киргизилди.
Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын – президенттик шайлоого даярдык, календардык план, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо участокторунун даярдыгы, Тышкы иштер министрлигинин – чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун даярдыгы жана чет жакта жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, Ички иштер министрлигинин – шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин – шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, Face ID, манжа издери, техникалык жабдуулар, байланыш жана башка даярдыктар боюнча маалыматтары угулду. Республикалык штабдын мүчөлөрү баяндамалардан кийин жыйында каралган маселерди талкуулады.
Отурумдун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев алдыдагы президенттик шайлоо – элдин жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү саясий окуя экенин айтып, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын ишке ашырууга жооптуу бардык жетекчилерге тапшырмаларды дыкат жана өз убагында аткарууну тапшырды.