Кыргызстанда Starlink спутниктик интернети иштей баштады
23-майдан тарта Кыргызстанда Starlink спутниктик интернети расмий түрдө жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу кызматтын расмий картасында өлкө “Жеткиликтүү” макамында көрсөтүлгөнү маалым болду. Колдонуучулар байланыш мүмкүнчүлүгүн текшерүү жана кызматка катталуу үчүн Starlink платформасында өз дарегин киргизе алышат.
Starlink — америкалык SpaceX компаниясы тарабынан иштелип чыккан глобалдык спутниктик интернет системасы. Долбоордун негизги максаты — алыскы жана инфраструктурасы начар аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу. Система төмөнкү орбитада жайгашкан миңдеген спутниктер аркылуу иштейт.
Маалыматка ылайык, Starlink терминалы спутниктерге автоматтык түрдө туташып, интернеттин жүктөө ылдамдыгы орто эсеп менен 50дөн 220 Мбит/секундга чейин жетет. Колдонуучулар үчүн сунушталган комплектке спутниктик антенна, Wi-Fi роутер жана керектүү кабелдер кирет.
Адистердин баамында, жаңы технология өзгөчө тоолуу жана байланыш жеткиликсиз болгон аймактарда интернет сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.