Кыргызстанда суюк азот чыгаруучу завод ачылды. Ал эмнеге колдонулат?

9-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 27

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик асыл тукум «ЭЛИТА» станциясында суюк азот чыгаруучу заводу ачылды. Завод 1 саатта 20 л суюк азотун чыгарат. Күнүнө 400 л ашык союк азот иштеп чыгат. Суюк азот жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасына пайдаланылат. Мындайча айтканда суюк азот бука, кочкор жана башка малдардын уруктугун сактап берет. Суюк азотту — 176 градустан, -196 градуска чейин кармайт.»ЭЛИТА» станциясында суюк азот чыгаруучу заводу Чүй,Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын камсыздай алат. Мындай завод Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айылына да курулат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X