Кыргызстанда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп шектелген жаран кармалды

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 147

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунун аймагында адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу оор кылмыштарды жасоого тиешеси бар адамдар тобу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынан 1975-жылы туулган С.З. аттуу жаранды кармашкан. Ал трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышы бар деп шектелүүдө.Возможно, это изображение автомобиль

Жеке тинтүү учурунда шектүүдөн жалпы салмагы 9,3 грамм болгон гашиш баңгизаты табылып, алынган.

Ошондой эле соттун санкциясынын негизинде анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү маалында РГД жана Ф-1 үлгүсүндөгү гранаталар, Калашников автоматына тиешелүү ок салгыч (магазин), ошондой эле 7,62 мм калибриндеги 22 даана ок-дары табылып, алынган.Нет описания фото.

Учурда тергөө органдары кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо, кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн тактоо жана алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X