Кыргызстанда жеке ассистенттерге ар бир кызмат алуучу үчүн толук акы төлөнөт

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 89

Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү бир нече майыптыгы бар адамды бир убакта караган жеке ассистенттердин кызмат акысы көбөйөт. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып ар бир кызмат алуучу үчүн толук өлчөмдө акы төлөнө баштайт.

Тиешелүү тартип Министрлер Кабинетинин 3-августтагы №521 токтому менен бекитилген. Ага ылайык, бир жеке ассистент бир үй-бүлөдөн болгон эки же андан көп адамга бир убакта кам көрсө, алардын ар бири үчүн өзүнчө толук төлөм жүргүзүлөт.

Жаңы тартип майыптыгы бар балдарга, ошондой эле туруктуу сырттан жардамга жана көзөмөлгө муктаж болгон, бала кезинен I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогорку адамдарга тиешелүү.

Мындан тышкары, жеке ассистенттердин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө механизми да өзгөрдү. Эми тиешелүү каражаттар аймактык салык кызматынын эсептик эсептерине которулуп, ассистенттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздалат. Буга чейин алар камсыздандыруу полисин өздөрү сатып алып, кийин анын наркын компенсациялап келишкен.

Ошондой эле жеке ассистент кызматын дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбайт. Ушуга байланыштуу аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун талап кылуу жоюлду.

Учурда жеке ассистенттин кызмат акысы 8 697,32 сомду түзөт. Бул сумма 2025-жылга карата өлкөдө киши башына эсептелген орточо жашоо минимумунун өлчөмүнө барабар.

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X