Кыргызстанда жол куруу иштери тездеди. 8 айда 1100 чакырым жолго асфальт төшөлдү

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Кыргызстанда жол инфраструктурасын жаңылоо иштери жогорку темп менен уланууда. 2026-жылдын 1-августуна карата өлкө боюнча 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, курулуш иштери толугу менен аяктады.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 645 чакырымга көп. Тактап айтканда, 2025-жылдын 1-августуна карата республика боюнча болгону 455 чакырым жол асфальтталган болчу.

Ошентип, быйыл жол куруу жана асфальттоо иштеринин көлөмү былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге өстү.

Адистер белгилегендей, мындай өсүш өлкөдө жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштердин ырааттуу жүрүп жатканын көрсөтөт. Жаңы жолдордун курулушу жана эски каттамдардын жаңыланышы аймактардын байланышын жакшыртып, калк үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда.

Учурда республика боюнча республикалык маанидеги автожолдордо жана ички жол тармактарында курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Аталган иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X