Кыргызстанда жумушсуздук 3,4 пайызга өстү

27-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 26

Былтыркыга салыштырмалуу өлкөдө жумушсуздук 3,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирген. Маалыматка карганда 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда. Жумушсуздардын 46 пайызын аялдар түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X