Кыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 76

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 мыйзамсыз таштанды жайы жоюлду. Учурда өлкө боюнча таштандыларды жайгаштыруучу 230 жай иштеп жатат.
Эң жакшы көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталды. Аймактагы мурда иштеп келген 51 таштанды жайынын 35и жоюлуп, учурда 16сы калды.

Ал эми Талас облусунда жыл башынан бери 31 таштанды жайынын бирөө гана жоюлган. Бүгүнкү күндө аймакта 30 жай иштеп жатат.
Мындан тышкары, Бакай-Ата районунда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жүрүүдө. Ал пайдаланууга берилсе, Бакай-Ата жана Талас райондорундагы иштеп жаткан таштанды жайларынын саны дагы тогузга кыскарат.

Мыйзамсыз таштанды жайларын жоюу иштери Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарында да жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул иштер аймактардын санитардык абалын жакшыртууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга багытталганын белгиледи. Министрлик калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү жана мыйзамсыз таштанды жайларын кыскартуу иштерин улантууда.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X