Кыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль алды

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 68

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасында 1 коло медаль жана 1 Ардак грамотага ээ болушту.

14–20-сентябрда Албаниянын Тирана шаарында өткөн BOI 2026 олимпиадасына 75 окуучу катышты. Анда өлкөнүн атынан чыккан “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев коло медаль тагынды. Анын машыктыруучусу — Евгений Кичак.

Ал эми “Акылман” Президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев Ардак грамота менен сыйланды. Анын машыктыруучусу Медербек Осмонов.

Кыргызстандын командасын Медербек Осмонов жетектеп, жетекчинин орун басары болуп Евгений Кичак иштеди.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X