Кыргызстандыктар Таиландга 30 күн визасыз бара алышат
15-сентябрдан тарта Таиланд Кыргызстан жарандары үчүн 30 күнгө чейинки визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Таиланддын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жеңилдетилген тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга 15 күндүк виза менен бара алышат.
Ошондой эле Таиланд жарандары Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.