"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын дин кызматкерлерине бирдиктүү форма тигилди

31-май күнү Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Сарахси атындагы башкы мечитте Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине дин кызматкерлери үчүн тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Саамалыкка Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев катышып, дин кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

«Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү»,- деди муфтий.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!