"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын кайсы аймактарында 40° ысык болот?

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-17-май күндөрү өлкөдө 40°ка чейин ысык болушу күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы 35…40°ка чейин, ал эми Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулайт.

ӨКМдин маалымат кызматы: «Күндүн эң ысык учурунда (саат 11:00–16:00) сыртта көп жүрбөө жана өзгөчө жаш балдарга, улгайган адамдарга, ден соолугунда көйгөйү барларга ысыктан сактануу сунушталат»,-деп билдирди.