"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.

Муфтий өз куттуктоосунда Ыйык Курани Карим Рамазан айында түшө баштагандыгын, бул куттуу ай – Куран айы экендигин эске салган.

«Миң түндөн артык болгон Кадыр түн да ушул берекелүү Рамазан түндөрүндө катылган. Кадыр түн образдуу айтканда Курандын «туулган күнү». Андай болсо бул айда көбүрөөк Куран окуйлу. Окуп гана тим болбой, терең түшүнүүгө аракет кылалы. Курани Карим Алла Тааланын бизге ыроологон зор белеги, улуу аманаты. Куран айында Куранга жакын бололу.

Орозо исламдын беш парзынын бири. Алла Таала Рамазан айы жана орозо жөнүндө мындай дейт: «Рамазан айы – адамдарга туура жолду көрсөтүүчү жана ушул туура жолдун, жакшы менен жаманды ажырата билүүнүн ачык-айкын далилдери катары Куран түшүрүлгөн ай. Кимиңер ушул айга күбө болсоңор, (ошонуңар), орозо кармасын! Силердин ким (бул айда) ооруп калып, же сапарга чыкса, кармабай калган орозолорун башка күндөрдө кармасын! Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы даңктагыла! Мүмкүн шүгүр келтирерсиңер» (Бакара сүрөсү, 185).

Орозо напсини тарбиялаган руханий мектеп. Ал дүйнө-мүлк ниматынын кадырын сездирет. Тунук жана муздак суунун баркын билгизет. Эң негизгиси, ач кадырын жон тери менен сездирет. Орозодо кылынган ибадаттар алда канча сооптуу. Алла Таала орозону өзү үчүн тандап алган жана орозо кармоочуларды ченемсиз сыйлыктары менен сыйлайт. Хадистерде мындай деп айтылат: «Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири — ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси — Алла менен жолугуп, анын жамалын көргөн учур» (Муслим 2/807). «Орозо Акыретте орозо кармоочунун таламын талашып: «Оо, Алла! Мен муну тамактануудан жана каалоолорунан кайтардым эле. Ошондуктан мага шапаат кылууга уруксат бер», – дейт (аль-Мунзири, ат-Таргиб, 2/84).

Демек, Рамазан айы береке жааган, кут төгүлгөн ай. Ушул айга сак-саламат жеткирген Алла Таалага миң мертебе шүгүр айталы. Орозого жетпей калган жакындарыбызга Жараткандан ыракым тилейли.

Ыйык Куран айы болгон Рамазандын шарапаты менен дүйнөдө тынчтык болсун. Ала-Тоого кут консун. Жергебизге береке, элибизге ынтымак, динибизге риваж, мамлекетибизге өнүгүү берсин

Куттуу Рамазан айыңыздар маарек, орозоңуздар кабыл болсун!».

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!