Кыргызстандын тарыхый мурастары Франция менен биргелешкен долбоорлордо таанытылат
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, музей тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга музейдин директору Назгүл Өмүрзакова, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, элчиликтин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело, Француз альянсынын өкүлдөрү жана маданият багытындагы адистер катышты.
Тараптар музейлер аралык байланыштарды чыңдоо, адистерди даярдоо, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу, музей фонддорун таанытуу жана гранттык долбоорлорду ишке ашыруу багытында пикир алышты.
Ошондой эле Улуттук тарых музейинин алтын коллекциясына арналган буклетти чыгарууга жана аудиогиддин француз тилиндеги версиясын даярдоого көрсөткөн колдоосу үчүн Франция Элчилигине ыраазычылык билдирилди.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана эки өлкөнүн музей тармагындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашты.
