Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 311,7 млн долларды түздү

10-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

2025-жылдын апрель айында Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 311,7 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинен негизги бөлүгү (296,7 миллион доллар) КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн. Алыскы чет мамлекеттерден 15 миллион доллар которулган.

Ал эми өлкөдөн сыртка жөнөтүлгөн акча көлөмү 33,7 миллион долларды түздү. Анын 30 миллион доллары КМШ мамлекеттерине, 3,7 миллион доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

10-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X