Кыргызстанга Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин келди
Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин келди, деп билдирет Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.