Кытай улуттук космостук станциянын модулун орбитага жөнөттү
Бүгүн, 29-апрелде Кытай Хайнань провинциясындагыВэньчанкосмодромунан «Чанчжэн-5»оор ракетасынын жардамы менен орбитага улуттук космостук станциянын базалык модулун жөнөткөндүгүн ТАСС агенттиги маалымдады.
Базалык модул “Тяньхэ” деген аталыш алды. Ал прибордук-агрегаттык, жашоочу жана жалгашуучу бөлүктөрдөн турат.
“Тяньхэ” космостук орбитага чыгарылгандан кийин «Чанчжэн-5» ракетасынын жардамы менен ага жүк ташуучу “Тяньчжоу-2” корабли жөнөтүлөт. Андан соң, “Чанчжен-2-эф” ракетасынын жардамы менен үч тайкунавтысы бар башкарылуучу “Шэньчжоу-12” корабли базалык модулга сапар тартат. Базалык станция төмөнкү орбитада 340тан 450 чакырым бийиктикте Т-формасында курулат. Станциянын жалпы салмагы 70тен 100 тоннага чейин болот. Станцияны орбитада кураштыруу 2022-жылы аяктайт. Кытай космостук технологиялар академиясынын баамында станциянын иштөө мөөнөтү 15 жылга жакын.