Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама топтун мүчөлөрү Азия чемпионатынан кайтып келишти
31-март күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы жана Калмира Билимбек кызы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Балбан кыздарды Манас Эл аралык Аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алышты.
Эске сала кетсек, Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медалга ал эми Калмира Билимбек кызы коло медалга ээ болушкан.