Кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагынан иш издегендер көп
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына караганда апрель айында 1100 адам жумушсуз калгандыгын айтып, каттоого турушкан. Жумушсуз калгандардын 87 пайызы тейлөө, кыйзмат көрсөтүү багытындагы иш издеп жүрүшкөнүн билдиришкен. 13 пайыз жумушсуздар өндүрүш тармагында иштөөнү каалашат. Ал эми курулуш тармагынан иш издейм дегендер 1 пайызды түзгөн.