Латвия: “Мажбурлап эмдегенге каршыбыз!”

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 32

Латвиянын борбор шаары Ригада калкты мажбурлоо жолу менен эмдөөгө жана карантиндик чараларды колдонууга каршы акция болуп өттү. Полициянын маалыматына ылайык, президенттин резиденциясынын алдына 4 миңден ашуун адам чогулган. Белгилүү болгондой, акцияны оппозициячыл маанайдагы саясатчы, депутат Алдис Гобземс уюштурган.

Акцияга катышкандар коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө өтүшүн талап кылышып, бийликтин мажбурлоо жолу менен вакцинациялоо программасына каршы экендигин билдиришти.

«Бийлик алгач эмдөө ыктыярдуу өтөт деген. Эми болсо тымызын мажбурлоо аракеттери башталды, өкмөт сөзүнө турган жок. Мен вакцина алгандарды да, албагандарды дагы айыптабайм. Ар бир жаран тандоо укугуна ээ. Бийлик айтканынан кайтпасын”,- дейт акциянын уюштуруучусу.

«Элдин чыдамы түгөндү. Биз жаш балдардын эмделишине каршыбыз»,- дешет демонстранттар.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Латвиянын парламентинин жыйынында COVID-19дун жайылышын токтотуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү биринчи окууда кабыл алынган. Расмий маалыматка ылайык, аталган мыйзамда эмдөөдөн өтпөгөн жана ковид-сетификаты жок жарандарды жумуштан бошотуу каралган.

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө / #Латвия: “Мажбулап эмдегенге каршыбыз!” 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X