Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө
Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолундагы көпүрөнү кеңейтүү иштери уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көпүрөнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана асфальт катмары алынып, жаңыланган темир-бетон балкалары орнотулууда. Ошондой эле жолдун Жибек-Жолу тараптагы тилкесинде жер иштери жүргүзүлүп, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.
Курулуш иштерине байланыштуу жолдун 0–360 метр тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылган.
Белгилей кетсек, аталган жолдун узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциядан кийин жол 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилет.