Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну ооруканадан дарыланып үйүнө келсе, белгисиз жарандар тарабынан үйүндөгү 40 миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Лейлек РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки бала аныкталып, кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы