"Эркин-Тоо"

Лейлектен эки өспүрүмдү тажик күч кызматкерлери алып кирип кеткени кабарланды

Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» балдардын биринин атасы — Азам Гапаров билдирди. Маалыматты айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктады.

Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Булак: Азаттык

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!