Лейлектин үч тургунуна Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу өкүм чыкты

22-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Аймак 23

Лейлектин үч тургунуна Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу соттун өкүмү чыкты. Алар Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу кагылышта кыргыздардын үй-жайын талап-тоноого шектелип кармалышкан. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан маалымдашты. Маалыматка таянсак, Баткен облусунун Лейлек райондук соту 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз жарандары И.А.И., Б.А.И. жана У.А.Кга карата өкүм чыгарып, И.А.И 15 жылга, ал эми калган экөөнү 8 жарым жылга эркинен ажыратты.

22-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Аймак 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X