М. Жээнчороев Ибраевге: “Эгер мырза болсоңуз аны далилдеңиз. Мен баарына даярмын!”

29-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 24

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында Мирлан Жээнчороев кесиптеши Самат Ибраев менен кайым айтышты. Анда Жээнчороев “Жогорку Кеңештин регламентине ылайык мен сиздин фамилияңызды атабадым. Сиз баарын өзүңүзгө алдыңыз. Бул сиздин жоопкерчиликти алгандыгыңызды билдирет», — деди.

Жээнчоров мындан тышкары кээ бир адамдардан коркутуулардын дале токтобой келип жатканын айтып, ар бир адам өзүнүн сөзүнө жооп бериши керек деген оюн билдирди.

“Мен ойлойм Толкунбек Абдыгулов кызматтан кеткенден кийин көп нерсени ачыктайт. Мен бардык жыйынтыкка, жолугушууга даярмын. Эгер мырза болсоңуз сиз жолугушууга келип, баарын далилдеп беришиңиз керек. Айрым алдамчылар Президенттин указына жамынып, өлкөнүн алтын валюта фондуна кол салып жатат”,- деп кайрылды.

Ибраев бул кайрылуулар боюнча Жээнчоровди сотко берерин же мырзаларча сүйлөшөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетип жаткандыгы боюнча маселе каралган. Анын кызматтан кетишине Жээнчороев айрым пиар менен алектенген адамдар күнөлүү экендигин айтып чыккан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X