«Made in Kg» брендинин негиздөөчүсү Бакыт Дегенбаев министрдин орун басары болуп дайындалды
«Кыргызстандыкын сатып ал» кыймылынын жана «Made in Kg» брендинин негиздөөчүсү Бакыт Дегенбаев, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жамаатка жетекчинин жаңы орун басарын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев тааныштырды.