Кыргызстандык жарандар «М.Д.О.» жана «A.Н.Р.» «Түндүк электр» ААКнын айрым кызматкерлеринин жардамы менен «Түндүк электр» ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, ири өлчөмдөгү электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иштерди уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 7-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун (Сокулук району, Ново-Павловка айылы) аймагында 2021-жылдын башынан баштап мыйзамсыз иштеп жаткан 500 даана майнинг аппарат аныкталган.
“Түндүк электр” ААКнын алдын ала маалыматы боюнча, бул майнинг-фермалардын электр энергиясын уурдоодон келтирген зыянынын суммасы 20 миллион сомго жакындайт.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 4-сентябрында “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган болчу.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, мыйзамсыз майнинг ишмердүүлүгүн уюштуруучуларды жоопко тартуу жана “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлеринин электр энергиясын уурдоого катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.