№20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Максатбек Алымбеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Тиешелүү чечим БШКнын 19-майдагы жыйынында кабыл алынган. Анын негизинде Максатбек Алымбековго аталган округ боюнча бош калган депутаттык мандат ыйгарылды.
Жаңы эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаты катары расмий каттоодон өтүп, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Максатбек Алымбеков парламентке мурдагы депутат Темирлан Айтиевдин ордуна келди.
Эске салсак, 12-май күнү №20 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутат Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.